Кызыл-Капчыгай айылынын тарыхы.
Колхоздун тузулуш орногондон тартып кыштак Кызыл-Капчыгай деп аталып калган. Кызыл-Капчыгай айыл өкмөттөгү үчүнчү айыл. Райондун борбору Кербен шаарынан 17 км аралыкта түндүк жагында тоо этегинде орун алган. 1935-50- жылдары Кызыл-Капчыгай өзүнчө колхоз болуп уюшулган. Кыштакта жалаӊ кыргыздар жашайт. Азыркы учурда 212 кожолукта 2300 адам жашайт. (Убакыттын өтүшү менен бул цифралар өзгөрө бермекчи) Кыштакта картошка, дан, тоют жана күн карама өстүрүлөт. Кара өрүк багы орчундуу кирешени алып келет. Медициналык мекеме –мед пункт иштейт. Мечит, соода тармактарынан аралаш соода дүкөнү бар. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын ошол учурдагы президенти Бакиев Курманбек Салиевичтин демилгеси менен17 млн. 895 миӊ сом акча бөлүнүп 11жылдык орто мектеп курулуп 2011 –жылы ишке кирди.
Кызыл-Капчыгай орто мектебинин тарыхы
Кызыл-Капчыгай айылында 1934-35-жылдары биринчи мугалим болуп Тиникеев Эргеш айылдагыларды окууга жазууга үйрөткөн. 1939-жылы биринчи жолу элдин жардамы менен ашар жолу аркылуу 4 бөлмөлүү, үстү камыш менен жабылган мектеп салынган. 1941-жылы ошол мектепте Ниязалиев Мукай директор болуп иштеген. 1942-жылга чейин латынь тамга андан кийин орус тамгасына өтүшкөн. 1946-жылы 2-ноябрда күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөө болуп, бир да үй калбай, кичинекей мектеп да кулап түшкөн. 1947-жылы колхоздун конторасынын имаратын мектепке берген. 1949-жылы мугалимдердин күчү менен кайрадан ушул мектептин ордуна 5 бөлмөлүү мектеп салынган. Мектеп директору болуп Эрматов Абдыжапар иштеген. 1953-жылы Турсунбеков Ибраим директор болуп дайындалды. 1956-жылы окуу бөлүмүнүн башчысы болуп Зыябеков Абдимат иштей баштады. 1960-61-жылдары Кызыл-Капчыгай 8 жылдык мектеби болуп өзгөрүп, 2 кошумча класстык бөлмө курулган. 1976-жылы мектеп директору болуп Зыябеков Абдимат дайындалат. Окуу бөлүмүнүн башчысы болуп Муратбеков Малабек иштеген. 1985- жылы мектеп директору болуп Момунов Жапаралы дайындалган. Окуу бөлүмүнүн башчысы болуп Бекмырзаев Айтмырза иштей баштаган. 1987-90- окуу жылдарда Момунов Жапаралынын демилгеси менен кошумча 3 бөлмөлүү имарат курулуп бүткөн.
Мектеп 1939-жылы элдин жардамы менен, ашар жолу аркылуу салынып, башталгыч мектеп болуп ачылган. 1960-жылы кошумча болмо кошулуп, Кызыл-Капчыгай негизги мектеби болуп озгоргон. 1989-1990-жылдары жалпы билим беруучу мектеби болуп уюшулган. 2019-жылдан тарта мектеп Эрмамат Даникулов атындагы №24 Кызыл-Капчыгай жалпы орто билим беруучу мектеби болуп аталып калды.
Эрмамат Даникулов атындагы №24 Кызыл-Капчынай жалпы орто билим беруучу мектебинде 298 окуучу билим алат жана 23 мугалим эмгектенет. Жалпы 13 класс комплектиси бар.